Валентина Шевченко Жаңы жылды кандай жана кайда тосконун көрсөттү (сүрөт, видео)

UFC чемпиону Валентина Шевченко жаңы жылдык эс алуусун Бишкекте өткөрүп жатат.

Ал Кыргызстандан сүрөттөр менен видеолорду бөлүшүүнү улантууда. 1-январда социалдык тармактарга бир нече пост жазып, анда жаңы жыл түнүн «Ала-Тоо» аянтында кандай өткөргөнүн көрсөткөн. Сүрөттөрдө аны апасы, машыктыруучусу жана достору менен көрүүгө болот.