Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Венгриядагы Элчилигинин расмий ачылыш аземинин жүрүшүндө тышкы иштер министри Казакбаев венгер тарапка жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Сийяртого Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин ачуу маселесине колдоо жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле 28-ноябрда Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу Венгриядагы элчиликте шайлоо участогун ачуу пландалып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.