Вице-мэр: «Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары линиядан кетип жатышат»

Бишкекте жол киренин арзандыгынан автобустун айдоочулары маршруттук линиясын таштап кетип жатышат. Бул тууралуу вице-мэр Русланбек Акылбеков комитет жыйынында билдирди.

«Учурдагы жол акысы менен аларга иштөө пайдасыз. Балким, жайында кичи автобустардын жоголуп кеткенин байкадыңыздар. Алар Ысык-Көлгө, тоолорго барышат. Аларды менчик мектептер жалдашат. Бул алар үчүн көбүрөөк пайдалуу”, — деди ал. Ал кошумчалагандай, мэрия транспорт тармагына инвесторлорду тартуунун үстүндө иштеп жатат. «Биз аутсорсинг боюнча рыноктун 60 пайызын жабууну каалайбыз. «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» менен 1000 автобус, «Green Bus» ЖЧКсы менен 350 автобус жеткирүү боюнча келишим түздүк», — деди ал.

Буга чейин жүргүнчү ташуучулар жол акыны көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан. Ал эми мэрия бул маселени сентябрь айына чейин чечүүнү убадалашкан эле.