Вице-мэр Орунтаев Бишкектин Манас кең көчөсүн бойлой кыдырды

Борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев менен биргеликте Манас проспектисин бойлой кыдырды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бүгүнкү күндө борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилер алынууда. Ишти Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, «Тазалык» ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө. Бузулган объектилердин ордунда көрктөндүрүү, демөөрчүлөрдүн эсебинен №49 жана №57 үйлөрдүн фасадына сырдоо иштери жүрүп жатат.
«Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Өзүңүздүн объекттериңизди талапка ылайык келтирүүнү, ошондой эле муниципалдык аймакты өзүм билемдик менен ээлебөөнү суранабыз», — деп жазылат маалыматта.