Вице-мэр Орунтаев: «Көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде болушу керек!»

«Көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде болушу керек!». Мындай билдирүү менен коштолгон сүрөттү Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Кудай берген кыргыз тилинде жана өзүбүздүн кириллица тамгасы менен жазып койсо болбойбу?! Жакшынакай кылып, «Белладжо» деп. Албетте өзүбүздүн тилибизди жана тамгаларыбызды сыйлайлы! Бренд кылгыбыз келсе, Кыргызпатент деген бар, ошол жакка барып патентин алып, тийиштүү иш кагаздарын алып иштеш керек, туугандар!» — деп жазды вице-мэр.

Буга чейин Bellagio кафеси кыргыз тилинде тейлөөнү сураган кардарларын шылдыңга алганы үчүн кечирим сураган болчу.