Вице-мэр Орунтаев тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди буздуруп жатат

Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Кулатов көчөсүндөгү тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди буздурууда.

Башкармалыктын кызматкерлери №10 МАБнын жана ”Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда. Иштин жүрүшүндө 150 чарчы метрди түзгөн темир тосмолор жана үч капиталдык кошумча кире бериш курулуш ээлери тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалган. Ошондой эле, тротуар курууга тоскоол болгон 30дан ашык жеңил объектилер жана 65тен ашык жарнама конструкциялары алынды. Мындан тышкары уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкцияларын орнотуу боюнча 8 протокол түзүлдү.