Вице-мэрдин кызматтан кетип жатканы боюнча мэрия үн катты

Бишкек мэриясынын командасы Айжан Чыныбаеванын кызматтан кетип жатканын таң калуу менен кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Шаардык муниципалитетте иштөө албетте, физикалык жана психикалык жактан кыйын. Биз вице-мэрлик кызматтын оордугун, жоопкерчиликтүү экенин билебиз. Ал учурда шаардагы эпидемиологиялык абалды да көзөмөлгө алып жатат. Биз Айжан Адамкалыевнанын кызматына берилгендигин жакшы билебиз. Анын бул кадамын ушундай оор кырдалда чогулган эмоциясынын чыгышы катары кабыл алдык. Ал дагы эле биздин кызматкер. Бизге кызматтан кетүү арызын жазган жок»,- деп айтылат маалыматта.