«Видеону кескилеп чыгарышыптыр». Балдарын ашата сөккөн ата өз чындыгын айтты

Социалдык тармактарда эркек кишинин видео аркылуу сүйлөшүп жатканы тараган. Кадрларда ал балдарын кемсинтип, аялын коркутуп жатканын угууга болотОш ОИИБден жаран тууралуу маалымат беришкен.

Видеодогу жарандын жубайы милицияга арыз менен кайрылып, жабырлануучу аял өз арызында 2013-жылдан 2020-жылга чейин жолдошу менен чогуу жашап, эки балалуу болушканын, жолдошу бир нече жолу кол көтөрүп жүргөндүгүн, 2020-жылдан бери телефон аркылуу коркутуп келгендигин, 2023-жылы июль айында Орусиядан Ошко келип, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып кетип калгандыгын билдирген. 2020-жылдан бери чогуу жашашпайт. Орусияда экөө араздашып, аялы эки баласы менен ошол жылы Кыргызстанга келе берген. Расмий түрдө ажырашуу боюнча жабырлануучу аял сотко кайрылган. Сот отуруму боло элек. Ортодо 2017 жана 2019-жылдары туулган балдары бар.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине видеодогу жаран кайрылып, өз чындыгы бар экенин айтты. «Менин келинчегим 1994-жылы туулган. Бул окуя апрель айында болгон. Ош шаарында жашайт болчу. Экөөбүздүн расмий никебиз бар экенине карабай, башка адам менен жашап алган. Анысына да макул болгом. Видео толук эмес, кескилеп чыгарышыптыр. Эмнеге мен кызымды сөктүм? Себеби, ал жерде башка эркек кызымды «кел, мени өп» деди. Ошондон кийин ушул сөздөр айтылган. Балама да «бул сенин атаң эмес, мына сенин атаң» деп үйдөгү кишини көрсөтүп жатты. Видеону толук көрүп, анан жыйынтык чыгарышса жакшы болмок. Балдарды жубайым балдар үйүнө таштап кеткен. Мен алдым. Кийин «балдарды бербесең, мен өзүмө кол салам» деп жатканынан берүүгө мажбур болдум. Ушул убакка чейин мени шантаж кылып келе жатат, баарына ыраазы болуп жашап жатам. Балдарымдын жарандыгы Орусияныкы, Кудай буюрса балдарым Орусияга келет», — деди балдардын атасы.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги экинчи тараптын өз чындыгын угуп, аны чагылдырууга даяр.