Путин: “Биз Кыргызстан менен дагы, Тажикстан менен дагы достук мамиледебиз“

Орусиянын президенти Владимир Путин Астанада Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын жакын союздаштары экенин айтты.

Ал ошондой эле стратегиялык өнөктөштөрү экенин, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү өсүп жатканын, 1 миллион кыргызстандык жана 2 миллион тажикстандыктар Орусияда жашап, иштеп, окуп жатканын, баары ынтымактуу экенин билдирди.

Анан жабык эшик артында үч тараптуу сүйлөшүүлөр башталды.