Балдар үйүндө каза болгон баланын өлүмү боюнча министрликтин кабары болгон

Буга чейин Военно-Антоновка балдар үйүндө тарбиялануучу каза болгону маалымдалган. “Балдар укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун билдирүүсү боюнча, ошол эле балдар үйүнүн дагы бир тарбиялануучусу адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Ошондой эле, баланын өлүмү менен аяктаган окуяны мекеменин жаматы жаап-жашырууга аракет жасашкан.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетова жооп берди. Анын билдирүүсү боюнча, окуя 1-июнь Балдарды коргоо күнү, саат 22.00 чамасында балдар уктар алдында болгон. “Алдын ала маалыматтар боюнча, алар уктоочу бөлмөдө монополия ойноп жатышкан. Бала ордунан туруп, бир нече кадам таштап, эс-учун жоготуп жыгылган. Ошол замат бала ооруканага жеткирилген. Окуядан кийин Сокулук РИИБнин кызматкерлери келген, азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул жерде эч нерсе жашырылган эмес. 2-июнда мага балдар үйүнүн администрациясынан расмий кат келген. Билим берүү министрлигинин жетекчилигине кабар берилген. Комиссия түзүлүп, ал жерге барып, окуяга күбө болгон кызматкерлерден түшүндүрмөлөр алынган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын жана укук коргоо органдарынын корутундусун күтүп жатабыз. Эч кандай мушташ болгон эмес. Мунун бардыгы тергөө материалдарында жазылган. Ошондуктан, бирөөнүн күнөөсү жөнүндө айтуу эрте”, — деп билдирген министрликтин өкүлү.

Каза болгон бала 13 жашта болгон. Буга чейин анда эч кандай өнөкөт оорулары болгон эмес. 2015-жылы соттун чечими менен ал бир тууган агасы экөө балдар үйүнө өткөрүп берилген. Апасы ата-эне укугунан ажыратылган жана балдардан кабар алууга да келген эмес. Азыр анын кайсыл жакта жүргөндүгү тууралуу маалымат жок.

Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсү боюнча, учурда министрлер кабинетинин тапшырмасынын негизинде Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Акыйкатчы аппаратынын адистери бул окуя боюнча иш алып бармакчы. Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан керектүү чаралар көрүлүүдө. Балдар үйүндө иштеген кызматкерлердин арасында күнү-түнү кошумча күзөт уюштурулууда.