Балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүнүн себебин аныктоочу экспертиза 29-июнда жыйынтыкталат

Кечээ, 25-июнда Республикалык Соттук-медициналык экспертиза борборунда Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу кезексиз жыйын өтүп, анда тийиштүү сунуштар берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Сокулук райондук соттук-медициналык экспертизанын адистери тарабынан 2-июнда жашы жете элек баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү учурунда, лабораториялык изилдөө үчүн соттук-химиялык жана соттук-гистологиялык изилдөө үчүн биологиялык объекттер алынган. Соттук-медициналык изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана өлүмдүн бардык жагдайларын эске алуу менен, жашы жете элек баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү маалыматтар бар. Экспертиза 29-июнда жыйынтыкталат. Жана тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан.