Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун көз жумушу. Тергөө иштери президенттин көзөмөлүндө

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 21-июнда Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушууда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөлөрүн укту. Ал Богдан Якунинди учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендирди. Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен аракетсиздигинен улам бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги караларын белгиледи. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экендиги баса белгиленди.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан. Богдан Якунин мамлекет башчысына видео-кайрылуу жасап, бир тууган иниси Игорь Якуниндин балдар үйүндө каза болушу жөнүндөгү ишти көзөмөлгө алууну суранган.