Ворух-Исфара жолуна каршы митинг. Баткен облусунун башчысы тургундардын сунушу эске алынарын айтты

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынан келген аялдар менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жолукту. Бул тууралуу облустук мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аялдар бүгүн, 14-майда өкмөттүн облустун өкүлчүлүгүнө Баткен районунун Капчыгай айылы аркылуу Тажикстандын Ворух анклавына жол берилет экен деген тынчсызданууларын билдирип келишкен.

«Ыйгарым укуктуу өкүл бул маселе боюнча элге кеңири түшүндүрмө берип, Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы иш алып барып жатканын, анда жергиликтүү элдин суроо талабы, сунуштары сөзсүз эске алынып, мамлекеттин кызыкчылыгы корголорун белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү тургундарды Кыргызстандын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиясына ишеним көрсөтүүгө чакырып, комиссиянын курамында чек ара маселелерин билген, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой алган, тажрыйбалуу адистер бар экенин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Ак-Сай айылынын эли ошону менен катар кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы окуялардан улам калыбына келтирүү, турак үйлөрдү куруу, жоголгон документтер боюнча маселелер менен кайрылышкан.