Январда экономикалык өсүү 7,6 пайызга төмөн болду

2021-жылдын январь айында өлкөнүн ички дүң продукту 33 миллиард сомдон ашып, 7,6 пайызга төмөн болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Статкомдун маалыматы боюнча «Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда, 2021-жылдын январь айында өлкөнүн ички дүң продуктусунын көлөмү 30 миллиард сомго жакындап, 4,5 пайызга азайган.

Ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмү  январь айында 22 миллиард сомго жакындап, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 9,5 пайызга төмөн көрсөткүч берген.

Ошондой эле курулуш тармагы 22,5 пайызга жакын төмөндөдү, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 12,0 пайызга түшсө, айыл чарбасы 0,9 пайызга өскөн.