«Үй-бүлөбүз аябай кыйналып кеттик» дейт зордуктоого шектелген Чыңгыз Мамаевдин жубайы

«Жолдошумдун сотуна кесиптештери колдоо максатында келишти. Биз деле соттун акыйкатуу чечим чыгарып беришин каалайбыз». Бул тууралуу зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин жубайы билдирди.

«5 айдан бери аябай кыйналып кеттик. Себеби жабырлануучу Германияга кетип калган. Ал буга чейин байланышка да чыкпай жаткан. Ал келсе, сот иштери уланат. Чыңгыз мынчалык камап салгыдай кылмышкер болбосо, бир адамдын тагдырын талкалап албайлы деп суранат элем. Мен ишенем, бул жалган жалаа», — деди ал.

Ал ошондой эле соцтармакта жазып жаткандарга кайрылды. «Видео турат дешет, анда эч нерсе жок. Бир нерсе болгон болсо, жарыяланат эле да. Видеодо негиз жок. Чыңгыздын ден соолугу начарлап, ооруп жатат. Үй-бүлөлүк акыбалыбыз аябай кыйналдык. Адилеттүүлүк менен чечип бериңиздер», — деди жубайы.

Чыңгыз Мамаев Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары кармашкан. Андан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотттук отурумдар жабырлануучу тарап келбегенине байланыштуу жылдырылып жатат.