«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун кимдер ала алат? Жол-жобосу

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөк пулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт.

Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ала алат?

«Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:

– пенсиянын бардык түрлөрү;

– мамлекеттик жөлөк пулдар;

– сөөк коюу үчүн жөлөк пулдар;

– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар;

– жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу кандай өлчөмдө дайындалат?

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.

Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөк пул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек?

Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалыматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоого ким кайрыла алат?

Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!

Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөк пул дайындалбайт.

Дайындалган «үй-бүлөгө көмөк” кайдан төлөнөт?

«Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.