Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн «117» ыкчам байланыш кызматы ачылат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы февраль айында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер же оор турмуштук кырдаалга кабылгандар үчүн «117» ыкчам байланыш кызматы ишке кирерин маалымдады. Чалуу акысыз жүргүзүлөт.

«117 кызматы — үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүүдөгү маанилүү чаралардын бири. Анын жардамы менен зомбулук окуяларына ыкчам чара көрөбүз, зомбулуктун мындан ары алдын алууга маалымат топтойбуз. Чечим кабыл алуу үчүн абалга мониторинг жүргүзөбүз жана укуктук, психологиялык жардам көрсөтө алабыз»,— деди министр Ализа Солтонбекова.

Чалууларды министрликтин райондук жана шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери тейлейт. Мындан тышкары, алар министрликке тиешелүү болгон бардык суроолор боюнча жарандарга кеңеш беришет.

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй өлкөдөаял өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйгөн. ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылдын ичинде 9025 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Адистердин айтымында, көп учурда жакындарынын зомбулугуна кабылгандар кысым же дагы башка таасирлерден коркуп милицияга кайрылышпайт.