«Үй-бүлөнүн шарты жакшы». Жалал-Абадда көчөлөп күн өткөрүп жүргөн 3 өспүрүм кыз табылды

Жалал-Абадда жеӊил жашоого көнгөн кыздар аныкталып, милиция ата-энелерге кайрылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абадда ШИИБдин Балдар менен иштөө инспекциясы жана участкалык инспекторлор тарабынан 2 айдан бери көчөлөп, ар кандай түнөк жайларда жашап күн өткөрүп жүргөн 3 өспүрүм кыз аныкталды. Кыздар Сузак, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунан Жалал-Абад шаарына келишкен 2004 жана 2006-жылы туулган кыздар экени такталган.

Алар үйлөрүнөн бир нече жолу качып, жеӊил жашоого көнүп алышкандыгы, турмуш-шарты жакшы үй-бүлөнүн кыздары экендиги белгилүү болгон. Кыздардын ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары аларды катуу көзөмөлгө алуу керектиги эскертилди. Кыздар ата-энелерине өткөрүп берилген.