«Үй салалы десек, акча ашпайт» дейт 2019-жылы 3 эм төрөгөн келин

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ырыс Шаршеева кайрылып, учурда 6 эркек баланы тарбиялап жатканын айтты.

«Бирөөсү 3 эм. Токмок шаарынын Талды-Булак айылында кайнатамдын үйүндө турабыз. Бирок анын дагы 4 уулу бар. 3 эмге жардам берип жатканынан кайрылып жатабыз. 2019-жылы 29-июлда төрөлгөн. Аттары Иса, Муса, Жалил. Жардам берилген жок. Жер берилет деген, бирок берилген жок», — деди келин.

«Бир үйдө 12 киши жашайбыз. 2019-жылы балага сүйүнчү деп 150 миң сом алганбыз. Уулум учурда Венгрияда иштеп жатат. Анын акчасы тамак-ашка, кийим, дары-дармекке эле кетет. Бөлүнөлү десе, үй салганга акчасы ашпайт. Айыл өкмөткө кайрылганда, 10 миң сом бөлүп берген. Ага кошумча сүт алып ичкенбиз», — деди келиндин кайненеси.