«Үйдө отурбайсыңбы?!». Бишкекте троллейбус айдоочу майып арабадагы аялга орой мамиле жасаганы айтылды

Бишкекте троллейбустун айдоочусу коляскадагы жүргүнчүгө орой мамиле жасады. Бул тууралуу ошол мамилеге туш болгон жаран Фейсбук баракчасына жазды. 

Анын айтымында, кирерде ал пандусту түшүрүүдөн баш тарткан. «Түшүрүп жатып, пандусту ачып, мени коляскам менен троллейбустан түртүп жиберди. «Пандусту түшүрүп, көтөрүү жеңил деп ойлоп жатасыңбы? Башкалар көтөрүп түшүрсүн, эмне үйдө отурбайсың?» деди. Нес болуп эле калдым, эч качан эч ким менин коляскамды түрткөн эмес», — дейт аял.