«Ынтымак» партиясы Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетилди

«Ынтымак» саясий партиясы Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуудан четтетилди. Мындай чечимди БШК 10-июлда өткөн жалпы жыйында кабыл алды.

Буга «Жалпы иш» коомдук фондунун арызы себеп болгон. Маалыматка караганда, алар арызга «Ынтымак» саясий партиясынан талапкер добуш сатып алууга шектелип кармалганын, бирок ага карабай Ош аймактык шайлоо комиссиясы партияны шайлоодон четтетпей жатканын жазган.

БШК «Жалпы иш» коомдук фондунун арызын канааттандырды. Комиссияга эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, “Ынтымакты” “Республика-Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жетектейт.