«Ынтымак» сейил багында жылдызы жанган келиндин чакан концертине эл жыйылып келди. Сүрөттөр топтому

Бир түндө жылдыз болуп ойгонгон келин Бегимай Турусбекова “Ынтымак” сейил багында чакан концерт тартуулады.

Анын ырдаганын угууга келгендердин саны аябагандай көп болду. Келгендер отургучтарга батпай калгандыктан жерге отуруп көрүүгө ыраазы болушту. Чакан концерт саат 21:00 чамасында башталып, 23:00дөн өтүп жыйынтыкталды.

Колдогондордун арасында келиндин жолдошу да бар.