Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан көз жумду

Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын достору тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, жол кырсык Чүй облусунун Кемин шаарында катталган.

Бекжан Темирхан
1996-жылы Аксынын Кызыл-Жар айылында төрөлүп-өскөн. Досторунун айтымында, үйлөнгөнүнө 14 эле күн болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчынын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.