Ырчы Лира Seven турмушка чыкты (сүрөт, видео)

Өзгөчө стилдүү ырчы Лира Seven турмушка чыкты. Ал жагымдуу жаңылыгы менен Фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.

«Мени бир сонун үй-бүлө дагы бир сонун үй-бүлөдөн алып кетти. Жашоо керемет…»,— деп жазды ал. 

Ырчы буга чейин SUPERTV`га колун сураган мырзага макулдугун бергенин айткан эле. “Буга чейин 34 жашымда кыргызга Манастын 2-версиясын төрөп бергим келет деп айткан элем. Оозума сала бергендей эле болот окшойт. Колумду сурап жүргөн жигитке макулдугумду бердим. Аны менен эжем аркылуу таанышкам. Алгачкы бир жыл телефон аркылуу эле сүйлөшүп жүргөнбүз. Буюрса, үлпөт тоюбузду жай мезгилине пландап жатабыз”, — деген ырчы.