«Үшүп кеткен жоксуңарбы?». Садыр Жапаров жубайы менен боз үй шаарчасына баш багышты (видео)

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова боз үй шаарчасында болушту.

Аларга төкмөлөр төгүп, улуттук Ордо оюну көрсөтүлдү. Андан соң, шырдак, кийиз жайып отурган апаларга барып, «үшүп кеткен жоксуңарбы?» деп суроо салды. Алар өлкө башчы менен жубайына бата беришти. Акырында сүмөлөктөн ооз тийишти.