«Ысык-Көл» мейманканасынын ордунда административдик комплекс кура турган дирекция жоюлду

Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 14-июнундагы жарлыгы менен президенттин аппаратына караштуу «Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция» мамлекеттик ишканасы жоюлган.

Бул анын жарлыгына ылайык, президенттик аппараттын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында жасалган.  Иш башкармасына жоюу комиссиясын түзүүнү, ал мамлекеттик ишкананы жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.