Ысык-Көл, Ош, Нарын жана Жалал-Абад милициясына жаңы башчылар дайындалды

Өлкөдөгү бир катар облустардын ички иштер башкы башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды.

Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси болуп Орунбай Кочкоров дайындалды. Ал эми Жеңишбек Жоробеков Ош ОИИБдин башчысы, Канат Жумагазиев Нарын ОИИБдин башчысы, Жеңишбек Абитов Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп дайындалды.