Бүгүн, 3-июлда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов милициянын лейтенанты Акылбек Макеевди 2025-жылдын 24-июнунда болгон өзгөчө кырдаалда 10 жашар өспүрүмдүн өмүрүн сактап калган эрдиги үчүн Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Сыйлык тапшыруу учурунда Боронов милициянын лейтенанты Акылбек Макеевге терең ыраазычылык билдирип, анын кесипкөйлүгү жана кайраттуулугу башка кызматкерлерге жана жарандарга өрнөк боло турган иш экенин белгиледи.
«Коомдун коопсуздугу үчүн кызмат өтөгөн ар бир кызматкердин ушундай жоопкерчиликтүү жана адам өмүрүнө кайдыгер карабаган мамилеси биз үчүн баа жеткис. Бул окуя — милдетти гана эмес, адамгерчиликти да көрсөтө алган эрдик», — деди Боронов.