Ысык-Көлдө 2 жана 4 жаштагы балдардын апасы изделип жатат

Ысык-Көл милициясы жашы жете элек балдардын туугандарын аныктоодо жардам сурайт. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Анын айтымында, 17-июлда эки баласы бар аял Бостеридеги жеке сектордон бир бөлмө ижарага алган. Эртеси эртең менен ал үйдүн ээлерине жашы жете элек балдарын карап турууну суранып, эшикке чыккан боюнча кайра кайтып барган эмес. 

Балдардын айтымында, алардын улуусу Алинур, ал эми кичүүсү Акылбек, алар төрт жана эки жашта. Атасынын аты Жолдош, апасы Перизат. Бирок алар жашаган дарегин так билишпейт.

Жашы жете элек балдардын ата-энелери же туугандары жөнүндө билгендерден 0505250545, 0502112131, 0709060962, 0394345202 же 102 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.