Ысык-Көлдө 2 жана 4 жаштагы балдардын дайынсыз болуп жаткан апасы табылды (сүрөт)

17-июлда эки баласы бар аял Бостеридеги жеке сектордон бир бөлмө ижарага алган. Эртеси эртең менен ал үйдүн ээлерине жашы жете элек балдарын карап турууну суранып, эшикке чыккан боюнча кайра кайтып барган эмес. Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБ ЖМКларга кайрылып, балдардын жакындарын табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн эле.

Балдардын айтымында, алардын улуусу Алинур, ал эми кичүүсү Акылбек, алар төрт жана эки жашта. Атасынын аты Жолдош, апасы Перизат. Бирок алар жашаган дарегин так билишкен эмес.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиргендей, балдардын апасы табылды.

«Атасы ЖМКларга тараган сүрөттөн балдары экенин божомолдоп, Бостериге келип, аныктады. Балдардын энесинин өздүгү такталды. Ал 22 жаштагы келин болуп чыкты. Издөөнүн натыйжасында милиция кызматкерлери балдарын кароосуз таштап кеткен энени табышты. Энеге байланыштуу балдар иштери боюнча комиссия профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, балдарды ата-энелерине өткөрүп берди»,— деп айтылат маалыматта.