Ысык-Көлдө 9 жашар баланын сабалышы. Окуя Улукбек Мариповдун көзөмөлүндө

Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда 9 жашар баланын сабалышына тийиштүү окуя Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу аталган кабинеттен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы иштин бардык жагдайлары жөнүндө маалымат берүүнү жана иликтөө алкагында балага карай зомбулукка жол берген жактардын аракеттерине гана эмес, кызматтык милдетине толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маселеси кирген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин кызматтык жактарынын аракеттерине (аракетсиздик) карай да укуктук баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага мындай окуяларга жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүүнү сунуштады.

Белгилесек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон.