Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы Варвараны издөө иштери убактылуу токтотулду

Орусиядан Ысык-Көлдөгү жайлоого эс алууга келип, дайынсыз жоголгон 29 жаштагы Варвараны издөө издөө иштери убактылуу токтолду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол дарясындагы суунун нугу чоң болгондуктан, издөө иштерин убактылуу токтотууга мажбур болушкан. Бирок сунун нугу азайганда издөө иштери улантылат.

Эске салсак, кыз 15-июлда жоголгон. Ал үй-бүлөсү менен бирге Караколдогу Ала-Көл жайлоосуна келген. Туристтер Каракол дарыясындагы көпүрөдөн өтүп, отунга барышкан. Варвара экинчи тарапта калган. Ошондон бери аны эч ким көргөн эмес. Үй-бүлө Кыргызстанга Орусиядан келген. Үй-бүлөнүн үч мүчөсү орустар, экөө казакстандыктар. Азырынча аны издөө натыйжа бере элек.