17-май күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин катышуусу менен мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен Ысык-Көл облусунун аймагында полиэтилен пакеттерин колдонууга этап-этабы менен тыюу салууну караган президенттин жарлыгынын долбоорун талкуулоо боюнча жолугушуу өткөрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте видеоролик тартуулашыы, анда акыркы мезгилде жүргүзүлгөн Ысык-Көлдү тазалоо боюнча иштер чагылдырылган. Ошентип, көл акваториясынан 4425 килограмм таштанды, 77 миң метр синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылып, 9 браконьердик моторлуу кайык алынган.
Жыйындын бардык катышуучулары экологиялык жактан таза альтернативдик продукцияга өтүү менен Ысык-Көл облусунда полиэтилен баштыктарын жүгүртүүгө – өндүрүүгө, пайдаланууга, сатууга этап-этабы менен тыюу салуу чечимин колдошту. Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын, желим жана кагаз баштыктарды өндүрүүчүлөрдүн, соода түйүндөрүнүн жана жеке сектордун катышуусунда жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.