Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долоноту айылындагы пансионаттардын биринде желим кайык менен жүргөн 4 адамды шамал жээктен алыс алып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине ыкчам түрдө Ысык-Көл райондук №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучусу 1 моторлуу кайык менен барып, аман-эсен куткарып калышты. Жарандардын абалы туруктуу.