Ысык-Көлдө көгала болуп сабалган келин. Акыйкатчы институту прокуратурага кайрылганын билдирди

15-майда социалдык тармактарда укук коргоочу Камил Рузиев маалымат таратып, Каракол шаарынын тургуну жолдошу тарабынан дагы сабалып, оор абалда ооруканага жаткырылганын, милиция кылмышка шектүүнү камакка албай жатканын жазып чыккан. Анын айтымында, жабырлануучунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден маалымат чындыкка дал келберин, кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалып, камакка алынганын билдиришкен. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова соцтармактагы баракчасы аркылуу Ысык-Көл облусундагы кызматкери келин менен ооруканада жолукканын жазып чыкты.

«Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүбүз жабыркаган айым менен ооруканадан жолукту, облустук ички иштер башкармалыгына, прокуратурага ыкчам чара көрүү талаптары жөнөтүлгөн. Башкы талап жабыркаган тарап арыз жазат же жазбайт деп күтө бербей, коргоо чараларын колдонуп, жабыркаган айымдын коопсуздук маселесин чечиш керек. “Нет трупа, нет преступления” деген төө куштай болгон позициядан арылыш керек деген талап коюлду. Акысыз адвокат издештирип жатабыз», — деп жазды акыйкатчы.