Ысык-Көлдө көл астындагы таштандыларды тазалоо иштери башталды
Ысык-Көлдүн флорасын жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында Түп районунун Ысык-Көл (мурдагы Маяк) айылында иш-чара башталды.
Иш-чара президенттин администрациясынын өкүлү, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов баш болгон тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөрүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="168431,168432,168433,168434,168435,168436"]