Ысык-Көлдө Кыргызстандагы алгачкы шамал генератору орнотулду. Жашыл энергетика ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева анын орнотулуп жаткан видеосу менен бөлүштү.
“Эми тоолорубуздагы шамал үйүбүз үчүн жарык менен жылуулукка айланат”, — деп жазды ал.
Ал мындай генератордон дагы жүзү орнотулуп, жалпы кубаттуулугу 100 мегаватт болорун кошумчалады.