Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүгө кесиптештери барышты (видео)

Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүгө кесиптештери барышты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Башкы башкармалыктын жетекчилик курамы жана ардагерлери кызматтык милдетин аткаруу учурунда кырсыкка кабылып, учурда ооруканадан чыгып үйүндө дарыланып жаткан Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Арзыбаев Элистандан кабар алышып, анын үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүштү»,- дешти.