Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүнүн бүгүнкү абалы айтылды

Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди.

30 жаштагы бейтап Улуттук госпиталга санитардык авиация аркылуу түшкөн. Баш мээнин жабык жаракаты, мээнин оң жарым шарында бир нече геморрагиялык жаракаты, моюн бөлүктүн чоюлушу диагнозу коюлган. 

Учурда ал реанимацияда жатат, дарыгерлер анын абалын оор деп баалашкан. Неврологиялык абалы: комада, дем алдыруучу аппаратка кошулган. «Оорулуу толук кандуу дарыланууда. Бүгүн кайра консилиум өтөт», — деп белгилешти Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Буга чейин айтылгандай, Ысык-Көл облусунун аймагында кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен милициянын кайгуул кызматкери аман-эсен ИИМдин кызматкерлеринин жана дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканасына жеткирилген.