Ысык-Көлдө милиция менен куткаруучулар чехиялык туристтердин документ салынган баштыгын таап беришти

Ысык-Көлдө чехиялык туристтер аскадан документтер салынган жанбаштыгын жоготушкан. Аларга милиция кызматкерлери жана ӨКМдин куткаруучулары жардам беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

21-август күнү Чехиянын жараны милицияга кайрылып, Ак-Суу районунун Ала-Көл аймагына бара жатып, сүйлөшкөн кызы менен өтө кооптуу аскалуу аймакка туш болгонун билдирген. Жаралган көйгөйдөн улам жана өзүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн, ал рюкзагын аскадан ыргытууга мажбур болгон. Андан кийин алар рюкзакты өз алдынча табууга аракет кылышкан, бирок андан тийиштүү жыйынтык чыккан эмес.

Туристтин айтымында, рюкзакта алардын чет мамлекеттик паспорттору, кредиттик карталары, акча каражаттары жана жеке буюмдары болгон. Билдирүү боюнча милиция кызматкерлери кайрылган туристтер менен бирге жардан рюкзакты түшүргөн жерге барышкан. Мындан тышкары, ӨКМдин аймактык куткаруучулары жардамга тартылып, алар 2 саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө аскалуу тоо кыркасынын жетүүгө кыйын жеринен рюкзакты таап, ээлерине кайтарып беришти.