Бүгүн, 1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда.
Иш-чарага бүгүн расмий түрдө старт берилип, «Улут баскан улуу жол» аттуу фестиваль башталды. Учурда Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада салт санаасын менен таныштырышууда. Андан сырткары кыргыз казак эл аралык төкмө акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өтүүдө.
Каракол шаарынын борбордук скверинде манасчылар манас айтышууда. Андан тышкары салттуу музыка сынагы да болууда. Улуу ойчулдарга арналган илимий конференция түштөн кийин Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында болот. Иш-чара 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыктары чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырылат.