Ысык-Көлдө сүзүп бараткан кемеде өрт чыккан. Андагы жарандар эвакуацияланды

Бүгүн, 23-июлда Ысык-Көл районундагы Комсомол айылына жакын жерде «Альботрос» моторлуу кемесинде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, түтүн жоюлуп, андагы адамдар «Аврора» пансионатындагы скутер менен эвакуацияланган. Өрт болгон жерге өрт өчүрүү кызматы жөнөп кеткен.