Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын ийини сынып кеткен. Иликтөө жүрүп жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө баштады.

14-августта ымыркайдын ийини сынып кеткен. «Биз бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Окуяга күнөөлүү медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө аныкталган мыйзам бузуулар мыйзам чегинде катуу жазаланат», — деп билдиришти министрликтен.

Ишти атайын комиссия текшерип жатат. Милиция дагы өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Учурда ымыркайга да, анын апасына да толук сакайып кетүү үчүн керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.