Ысык-Көлдөгү эс алуучу үйдө ойноп жүрүп жоголуп кеткен 5 жаштагы бала табылды

Ысык-Көлдөгү эс алуучу үйдө ойноп жүрүп жоголуп кеткен 5 жаштагы бала табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 23-июлда саат 14:30 чамасында Тамчы айылынын Жунушов көчөсүндөгү эс алуучу жайдын аймагында (коттедж) 2017-жылы туулган бала ойноп жүрүп жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 2 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылып, баланы аман-эсен табышкан.