68 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ош облустук китепканасынын директору Бактыгүл Мырзаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымат таратышты.
Бактыгүл Мырзаева 1956-жылы 15-мартта Ош облусунда туулган. 1977-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайынын китепкана жана библиография бөлүмүн аяктаган. Ал кесиптик даярдыктын бардык этаптарынан өткөн. 1977-жылдан баштап 1979-жылга чейин Өзгөн райондук китепканасында бөлүм башчы болуп иштеп баштаган. 1979-1982-жылдары Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында китепканачы, усулдук бөлүмүдүн башчысы, 1993-жылы аталган китепкананын директору кызматында эмгектенген. 1996-жылдан 1999-жылга чейин Ош шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы сыяктуу маанилүү жана жоопкерчиликтүү кызматтарда эмгектенип келген. Бактыгүл Мырзаева 1999-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген. 2018-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган.
Буга чейин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында каза тапканы маалымдалган. Бактыгүл Мырзаева экс-депутат Аида Касымалиеванын апасы.