Ысык-Көлдөгү пляжда жайгашкан көчмө мончо бузулуп, ордунан алынды (видео)

Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу «Азамат» пляжында жайгашкан көчмө мончо бузулуп, ордунан алынды. Бул тууралуу Экология министрлигинен билдиришти.

«5-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик инспекторлору талабы боюнча Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу «Азамат» пляжында жайгашкан көчмө мончо бузулуп, ордунан алынды»,— деп айтылат маалыматта.