Ысык-Көлдөгү Сан-Таш айылында таза суу курулмалары пайдаланууга берилди (сүрөт)

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Сан-Таш айылынын таза суу курулмаларынын курулуш иштери бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу курулуш жана турак-жай мамлекеттик агенттигинен билдиршти.

Маалыматка караганда, айылдын ичүүчү суу түтүктөрүнүн курулушу 2020-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин каржылоосу менен башталган. Анын тендердик баасы 9,2 миллион сомду түзгөн.

«Бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен 50 метр кубдагы монолит резервуары, суу топтоочу жайы темир тосмосу менен, 0,926 чакырым аралыктагы башкы суу түтүгү, ички суу түтүтүктөрү 3,2 чакырым полиэтилен труба, от өчүрүүчү крандар жана башка  суу түтүктөрүнүн элементери менен орнотулду. Суу курулмалары ар бир үйгө чейин тартылып берилди. Мындан ары техникалык жактан тейлөөсү жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканага жана айыл башчысына айыл өкмөт тарабынан жүктөлдү», — деп айтылат маалыматта.