Ысык-Көлдүн аймагында скутерлерге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин отурумунда Ысык-Көлдүн аймагында скутерлерге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине» өзгөртүү киргизүүнү депутаттар Эльдар СулаймановМарлен Маматалиев демилгелеп чыгышкан. Сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл), тагыраагы электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыккан.

Буга чейин демилгечи депутат Эльдар Сулайманов жаңы сезон башталганга чейин бул маселени чечүү керектигин айтып келген. «Баарыбыз билебиз, жайкысын туристтер агылып келгенде ар бир пансионатта суу транспорттору иштейт. Скутерлер сууда жүргөн адамдарды сүзгөн учурлар көп болгон, өлүм да болгон. Мындан тышкары суу булганат», — деген Сулайманов.