Ысык-Көлгө 5 миллиондон ашык чабак коё берилди (видео)

Кечээ, 27-мартта Балык чарба департаментинин «Тоң балык өстүрүүчү заводу» мамлекеттик ишканасы Ысык-Көл көлүнүн балык уулоочу тилкелерин балыктандыруу боюнча иш-чараларын өткөрдү.

Жашоого жарамдуу абалдагы Ысык-Көлдүн форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабактары жана сига-лудога балыгынын 5 миллион 750 миң даана чабактары коё берилди. Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалууда. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган.

«Тоң балык өстүрүүчү заводу» мамлекеттик ишканасына инкубациялоого сига-лудога балыгынын 19,85 миллион даана уруктанган икрасы жана 720 миң даана Ысык-Көл форель гегаркуни балыгынын икрасы салынган. Икраны инкубациялоо 100-130 күн созулат. Жаңыдан жарылып чыккан балыктын личинкалары жашоого жарамдуу абалга чейин өстүрүлөт.