Ызгардуу суукта Майлуу-Суунун жылуулуксуз калышы. Кылмыш иши козголду

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, 13-январда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган Майлуу-Суу шаарына дароо жөнөп кетти.

Министрлер кабинетинин төрагасы гуманитардык жардамды чыгарып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү жана суу жылыткычтарды берүү үчүн үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды. Андан соң ал жылуулуксуз калган батирлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

«Ушул ызгаардуу суукта сиздер кыйын кырдаалга кабылып турасыздар. Сиздер жалгыз эмессиздер. Биз жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезеги менен ар бир үйгө жеткирилүүдө. Кырсыктын келип чыгуу себептери дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат», — деди Акылбек Жапаров. Ал оңдоо иштерине бюджеттен 20 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жылуулук түтүктөрүнүн 70 пайыздан ашыгынын эскилиги жеткенин билдирди. Жылуулук тармактарындагы бузулууларды оңдоого оперативдүү оңдоо бригадалары тартылган.